www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургуну Назира Калыкова Про групп курулуш компаниясы мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жатканын айтып, NazarNews маалымат агенттигине кайрылды. 

--“Мен көп жылдан бери Бишкек шаарынын Тимирязева көчөсүндө бала бакча иштетип келем. Бирок эки жыл мурда биздин бала бакчанын жанына Про групп курулуш компаниясы көп кабаттуу үй курулуп баштаган. Бирок мыйзамдуу эмес экен. Эч кандай талаптарга жооп бербейт. Кошуналардын үйүнө жабыштырып салып коюшту. Жакында эле бала бакчанын дубалы кулап түштү. Дагы жакшы түнкү саат 12де болчу. Эгер жарык болгондо балдарды басып калмак. Ашкананын дубалы дагы кулап, ичиндеги газ, муздаткычтар кулап түштү. Газ жарылып кетсе эмне болмок.

Ичиндеги ашпосчулардын өмүрүнө коркунуч жаралмак. Азыр мен кайрылсам эч кандай жыйынтык болбой жатат. Мен балдардын жана кызматкерлердин жоопкерчилик менде болгондуктан коркуп жатам. Ушуга байланыштуу бир канча тиешелүү органдарга, акимчиликке кайрылгам. Бирок бул компания тескерисинче менин бала бакчамды текшертип жатат. Булар баарын акчага сатып алышыптыр. Тактап айтканда чакан бизнестерге кысым көрсөтүп жатышат. Менден башка коңшулар дагы бул курулуштун жүрүшүнө аябай нааразы. Себеби эч кимден уруксатсыз, мамалекеттин жерин алып мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөрү аз келгенсип, үйлөргө жабыштырып салышууда. Кокус өрт  чыкса бийик үйдүн эшигине дагы өрт өчүрүү унаасы кире албайт. Биз жактоочу менен биргеликте көп иликтөө кылсак аталган компания атын дагы өзгөртүп алышыптыр. Жетекчилери бизди адам катары санабайт. Сотту, мэриянын кызматкерлерин баарын акчага сатып алышыптыр”, - дейт Калыкова.

Ал эми Про групп компаниясы Назира Калыкованын кошунасы Кубатбек Сарыбаевдин үйүнө көп кабаттуу үйдү жабыштырып салып койгонун айтып нааразы. Ал кайрылбаган адамдары, какпаган эшиги калбаганын айтат.

--“Бул  үй мыйзамсыз курулуп жатат. Анысы аз келгенсип, менин үйүмө жабыштырып салып коюшкан. Мен бир канча жолу жетекчилерине айттым. Сөзүмдү сөз катары дагы кабыл алышкан жок. Курулуш иштери жүрүп жатканда менин үйумдүн ичинен жаракалар кетти. Суу агып токтобой үйүмдүн ичин суу каптап кетти. Азыр гана кургап кичине оңолду. Аны дагы оңдоп беришкен жок. Акыйкат издеп баардык тиешелүү органдарга кайрылдым. Эч кандай жакшы жыйынтык болгон жок. Бул компанияга эч ким чара көрбөй коюшту. Баары эле булардын сөзүн сүйлөйт. Баарын акчага сатып алышкан. Бишкек шаардык прокуратуранын кызматкери “мен эч нерсеңди билбейм, билгениңди кылып ал. Керек болсо Курманкул Зулушевге, президент Садыр Жапаровго барып айт” дейт. Биз карапайым элдер байлардын, акчалуулардын курмандыгы болобузбу? Учурдан пайданалып президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылам. Коррупцияга баткан органдарга чара көрүп, биздин көйгөйдү мыйзамдуу чечип беришиңиздерди өтүнөм”, - дейт Кубатбек Сарыбаев.

 

 

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости