www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алымкадыр Бейшеналиев: «Өлкөгө карантин киргизилбейт»

Бүгүн, 16- апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «уу коргошун менен дарылоо» боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Жыйында ал уу коргошун кооптуу эмес экенин жана бул мурунтан эле колдонулуп келген ыкма экенин айтты.

«Баары билет шайлоо өттү, андан кийин коронавирус көбөйүп баштады. Анткени, адамдар көп жерде чогулуп жатты. Азыр короновирус күчөп баратат. Азыркы кезде көбү ооруп жатат жана мурунку ооругандар кайра ооруп калды. Кызыл аймакка өзүм кирип сурасам алар оорубайбыз дешкен экен. Азыр катуу ооруп жатышат. Биз өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөштүк, карантин киргизе албайбыз.

Анткени, экономикабызга зыян. Ошого карантин азыр кирбейт. Азыр өлкө аймагында эмдөө жүрүп жатат. Эмне үчүн биз азыркы кезде аз эмдөө кылып жатканыбызды журналисттер туура эмес түшүндүргөн. Тышкы иштер министрлигинин кызматкерин эмөөдөн каза болду деп туура эмес жеткиришти», - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости