www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишенимдүү булактарыбыздын билдирүүсү боюнча Курсан Асановго байланыштуу бир сырды ачыктап коёлу. Эсиңерде болсо, 5-6-октябрь күндөрдөгү башаламандыктардан кийинки окуяларды баарыбыз билебиз.

Ал кезде Сооронбай Жээнбеков арызын жазып кете элек, кайсы бир деңгээлде күч органдарына таасир жаратып, жеке өч алуусу үчүн генералды каматкан. Анан бийлик толук кандуу алмашкандан соң Курсан Асанов түрмөдөн чыгып, кызыгы, Садыр Жапаровду колдогондун ордуна агымга каршы сүзүп, атаандаштык иретинде аламанга аттанып алган эмеспи.

Президенттик шайлоо бүткөндөн кийин Курсан Асановдун мурдагы кылмыш иштери көтөрүлүп, кайрадан камакка алынган. «Өзүң кылган иш – өз башыңа муш» дегендей жооп узатышты. Ал ортодо Өмүрбек Суваналиевди да ала жыгылуу үчүн аракет жасап, «мага кат жазып берген» деп чыккан. Аныгында ал кат юридикалык мааниге ээ эмес эле. Тек гана шайлоодон кийинки башаламандыктарды токтотуу үчүн кепилдик иретиндеги билдирүү го?

Ошондо Асанов бийликке жаман көрүнүп, анан калса жакшылык жасаган генерал Суваналиевдин да жинине тийген. Жаңылды. Эми булардын баары өткөн иш. Сабак болсун! Мындан ары Курсан Асанов жигитчиликтен тайбай, кимдин ким экенин билип, саясый оюндарга азгырылбай тек жүрсө, баары калыбына келсе керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости