www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1984-жылы 18-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Жусупбек Акматовдун буйругу менен ички иштер органдарынын алгачкы Басма бюросу бекитилген. Виктор Ярцев басма сөз кызматынын биринчи жетекчиси болуп саналат. Басма сөз кызматын ички иштер органдарынын ишин ичинен билип, маалыматтык саясатын жогорку деңгээлде жүргүзө алган тажрыйбалуу жетекчилер башкарган: Виктор Ярцев, Эдил Искаков, Жолдошбек Бузурманкулов, Нурдин Жангараев, Аида Бакирова, Руслан Умарбеков, Рахматилло Ахмедов, Гульсара Алиева, Эсен Салиев, Жоробай Абдраимов. 2007-жылдан баштап азыркы учурга чейин Бакыт Сеитов жетектеп келет.  

Кесиптик майрамга карата Басма сөз кызматынын кызматкерлерин Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков куттуктады.

 “Урматтуу ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматтарынын кызматкерлери! Милициянын Басма сөз кызматы – бул ИИМдин күзгүсү экендигин мезгил өзү айкындап келет. ИИМдин Басма сөз кызматы 37 жашка толуп олтурат. ИИМ турмушунда өзү жаш кызмат болгону менен анын тарыхы, аткарган иши, ИИМдеги орду, ыкчамдыгы менен - аталган кызмат ИИМдеги алдыңкы кызматтардын катарына татыды. Заманбап милиция Кыргызстандын жарандары үчүн ачык-айкын жана жеткиликтүү болушу керек. Коомчулук ички иштер органдарынын ички турмушу, ишинин өзгөчөлүгү, алар боюнча болуп жаткан маанилүү окуялар, ар кандай кырдаалдарда милициия тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу билгиси келишет. Муну так жана ыкчам ИИМдин тутумундагы бир гана Басма сөз кызматы камсыздайт алат.  Өз ишмердүүлүгүн басма сөз топтон баштаган ИИМдин Басма сөз кызматы 37 жыл аралыгында министрликтин бүтүндөй маалыматтык саясатын ишке ашыруу жоопкерчилигин колго алган көп функционалдуу структура болууга жетише алды. 

Азыркы шартта милициянын ачык-айкындуулугу жарандарга ИИОнун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, жарандык коомдун өкүлдөрү менен сапаттуу байланышуу, ыкчам аракеттерди көрүү жөнүндө ар тараптуу жана маанилүү маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо ИИМдин Басма сөз кызматынын түздөн-түз милдети жана парзы экендигин жакшы түшүнөбүз. ИИМдин Басма сөз кызматы региондордогу бөлүктөрү менен биргеликте жооптуу тапшырмаларды ыкчам аткарышат. Басма сөз кызматынын бардык кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Сиздерге бекем ден-соолук, ийгиликтерди каалаймын!”, - деди ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков.

Салтанаттуу иш-чаранын аягында ички иштер министринин сыйлоо жөнүндө буйругу окулуп, кызматында өзгөчөлөнгөн кызматкерлер сыйланды. Сүйүн Өмүрзаков ИИОнун Басма сөз кызматтарынын кызматкерлерине түзүмдүк сыйлыктарды тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости