www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумдан кийин коронавирус жугузгандар кескин көбөйдү», - деди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-апрелдеги маалымат жыйында билдирди.

«Шайлоо өттү. Шайлоодон кийин дайыма коронавирус көбөйө баштайт. Себеби, дарыгерлердин айтканын эч ким укпай, беткап тагынбай, социалдык аралыкты сактабай, эл көп жерлерге чогулушуп, күндөн-күнгө оору күчөп баратат.

Бир жарым, эки ай мурда Чүй, Бишкек, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда ооругандардын саны бир ай, эки айлап жок болуп калган. Шайлоо өткөндөн кийин бардык облустарда ооруй башташты. Кечээ 305 киши ооруп калды», – деди Бейшеналиев.

Коронавирус боюнча Республикалык штабдын маалыматына таянсак, бүгүн, 16-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 230 кишиден табылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости