www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Мирлан Дүйшенбаев учурда талкуу болуп жаткан "матчество" боюнча өз пикирин билдирди. 

"Матчество" боюнча унчукпай коюуга болбойт. Бул баягы "өзүмдүн денем өзүмдүкү, не кылсам өзүм билем", "кайын энеме чай куйбайм", "төрөбөйм" дегендердин уландысы. Ишке ашпашын билип турушса да, маселени ушуга жеткирип, айымдардын, кыздардын аң-сезимдерине, түшүнүктөрүнө "ойноп" жатышат.  Бирок маселенин чоо-жайы так белгисиз болуп эле ызы-чуу түшүп жаткан жокпузбу? Конституциялык сот бул боюнча кандай чечим чыгарыптыр? "Мындан ары аялдардын ысымдары балдардын отчествосу боло алат" деген чечим чыгарганына ишенбей турам. Мындай чечим Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн эле. Бирок басымдуу көпчүлүгүн эркектер түзгөн парламентте мындай чечим эч качан кабыл алынбайт.

Мейли, Конституциялык сотпу, Жогорку Кеңешпи, андай чечим чыгарылган күндө да "матчество" бизде ишке ашпайт. Бизде Кудайга шүгүр, Батыштын идеология, идеяларына сугарылган феминисттерге караганда улуттун уңгусун, улуттук баалуулуктарды, нарк-насил, үрп-адаттарды карманган, жактаган айымдар көпчүлүктү түзөт. Алар эч качан өздөрүнүн ысымдарын матчество кылып, балдарынын документтерине жазышпайт. Ал эми балдарынын документтерине отчествону жазбай, фамилиясы менен ысымын эле жазган жалгыз бой энелер ("мать одиночка") толтура. Атасынын жардамын, камкордугун көрбөгөн балдарга өзүнүн фамилиясын берүү, отчествосун жазбай коюу практикаланып эле келет. 

Ток этерин айтканда, матчествону ишке ашыруу аракети көптөгөн аталарды намыска, акылга келтириши мүмкүн. Бирок көптөгөн энелерди акылдан адаштырып, жолдон чыгарбайт. Мен ага бөркүмдөй ишенем. Конституциялык соттун макулдугу менен эле "матчество" болуп кетет деген түркөйлүк. Ага биздин кылымдардан келе жаткан улуттук өзөгүбүз жол бербейт. Андыктан маселени трагедияга айлантып, мунун артында тургандардын "чырактарына май тамыза" бергендин кереги жок", - дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости