www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдын башы менен шоу-бизнестин өкүлдөрү, модель, блогерлер баштаган жамаат Азербайжандын борбору Бакы шаарында өткөн “Global Repuation Award” эл аралык сыйлык тапшыруу аземине кубанып сыйлык алууга сапар алышкандарын көрүп калдык эле. Кечээ, пресс конференция, сыйлык тапшыруу аземи болуп өткөн соң Кыргызстандын катышуучулары уюуштуруучуларга өз нааразычылыктарын билдиришти.

Кыргызстандан бир нече катышуучуну сыйлык тапшырууга чакырып алган тарап өз милдеттерин толук аткарышкан эмес. Анан да эң башкысы тактаганыбызга караганда, биздин өлкөдөн барган өкүлдөр алдын ала сыйлыктарды сатып алып, ким кандай жана канча долларлык сыйлык алуусу, пресс-конференцияга катышуу, мейманкага жайгашуу жана тамактанууга чейин алдын ала сүйлөшүшкөн. Баарынан да катышуучулар ар кандай баадагы кызмат көрсөтүү пакетин сатып алгандан тышкары, Баку шаарына да билеттерин өз чөнтөктөрүнөн сатып алып барышкан. Кечени уюштурган тараптын кызмат көрсөтүү пакеттери жана бериле турган сыйлыктары төмөндөгүдөй бааларда 2500 $, 3500 $, 5000 $ суммасында болгон. 

Сатылган сыйлыктын аркасында ырчы айымдардын ортосунда да кайым айтышуу болду. Буга чейин мындай сыйлыкты алып келген ырчы Малика Дина “Деги койчу... Бири-биринен өткөн звездагаларга жагыш өтө оор экен. Тынч чүкөбүздү ары ойноп, алдыга кадам таштайлы” десе, Анжелика айым болгон арманын баракчасындагы тарыхчасына серия кылып жазды. 

Мунун менен “Болгон акчаларын чачып, болбогон сыйлыкты сатып алганда эмне болот? Айырмачылык кандай? Мүйүз деле чыкпайт же чыгабы?”, - деген чексиз суроолор жоопсуз кала берди...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости