www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүрөк эзилип узак ыйлады...

Алар он үч жыл бирге турду. Бири-бирин сүйдү, бирок балалуу болушпады. Ажырашты. Эртесинде күйөө үйгө келип, шифоньердин ичин узак кара-ды. "Бир нерсе калып калыптыр..." деди өксүк үн менен. Аял да анын кеткиси келбегенин, эч нерсе издеп жатпаганын, сезимдерин узак сактагысы келгенин түшүндү.

Экөө кучакташып, бири-бирин кыялбай кайра коштошушту. Эшиктен чыгып жатып, "жылуу кийинип жүр, күздүн суугу жаман" деди камкор үн менен.

Ал кийинки жылы үйлөндү. Келинчек да турмуш ка чыкты. Экөө балалуу да болушту. "Бактылуубуз" деп ойлошту...

Арадан жылдар өттү. Шаардын муңдуу жымыйып турган көчөлөрүндө капысынан жолугушушту... Экөө тең машине айдап бараткан. Адамдардын бири-бирин басып кетүүгө аз калган көчөдө жүргүзүүчүлөр бурулуп кароого да уруксат бербеди. "Көзүнө кара, байка, фаранды жаксанчы" деп үлгүрдү камкор үн. Келинчек сүйлөгүсү келди эле, добушу чыкпай калды. Эзилип узак ыйлады...

Өмүрдө жүрөк гана түшүнө алган, жүрөк гана уга алган, журөк гана издеген, эч ким, эч нерсе баса ал баган сезим бар...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости