www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан үч мугалим "КМШ өлкөлөрүнүн билим берүүнүн отличниги" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын делегациясы Душанбеде өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин VI съездине катышууда. Иш-чаранын негизги темасы – "КМШнын билим берүү мейкиндиги анын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык ресурсу".

Кыргызстандан бул иш-чарага министрдин орун басары Надира Жусупбекова, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов, өлкөнүн мектеп директорлору жана мугалимдери, жогорку окуу жайлардын профессорлору катышууда.

Мугалимдердин курултайынын алкагында "КМШ өлкөлөрүнүн билим берүүсүнүн отличниги" төш ​​белгиси менен сыйланышты:

Нарын районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин информатика мугалими Н.Макелеев;

Бережнова Э., Бишкек шаарынын №67 УВК мектеп-гимназиясынын информатика мугалими;

Филология илимдеринин доктору, профессор, ОшМУнун лингвистикалык изилдөө борборунун директору К.Зулпукаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости