www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын балалык" медициналык-реабилитациялык комплексине барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Анда өлкө башчы комплекстин ишмердиги менен таанышып, курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыккан.

"Биздеги эң баалуу нерсе — бул балдарыбыз. Алардын ден соолугуна кам көрүү — бул бүтүндөй өлкөнүн ийгиликтүү келечегинин пайдубалын түптөө", — деген президент.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымдагандай, комплекс өлкөнүн алыскы аймактарынан келген балдардын жана энелердин, жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ден соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоого ылайыкташкан.

"Аталган комплекстин курулуш иштери буга чейин каражаттын тартыштыгынан улам бүтпөй калган. Ушул жылдын март айында Садыр Жапаров реабилитациялык комплекске барып, аны реконструкциялоону баштоону тапшырган. Октябрь айында бул борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук марафону жарыяланып, анын жыйынтыгында 30 миллион 90 миң сом чогулган", — деп айтылат маалыматта.

Медициналык-реабилитациялык борбор 8 блоктон турат. Анда аллергология, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология бөлүмдөрү бар. Ошондой эле комплексте уктоочу бөлүмдөр, клиникалык лабораториялар, тамактануучу, кир жуучу жай жана магниттик-резонанстык томография орнотуу каралган.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн базасында Инновациялык кардиохирургия борбору ийгиликтүү иштеп жатат. Анда кайрымдуулук фондуларынын эсебинен жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган беш бейтапка бекер операция жасалган. Комплекс толук ишке киргенде бир эле убакта 50 баланы (энеси менен), анын ичинде чет өлкөлөрдөн келгендерди да кабыл ала алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости