www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башынан бери 102 адам өрт кырсыгынан курткарылган

Жыл башынан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 221 адамды куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, куткаруучулар жол кырсыкка кабылган 74 адамды, өрттөнүп жаткан имараттардан, 102 адамды куткарып чыгышкан. Ошондой эле экстремалдык абалдан 44 адамды жана көлмөдө чөгүп жаткан 1 адамды куткарып калышкан.

«ӨКМдин кызматкерлери телефон аркылуу консультациялык жардам көрсөтүшөт. Жыл башынан бери 3483 адамга телефон аркылуу жардам берилип, куткаруучулар 404 адамга жабылып калган эшиктерди ачып беришкен. Ал эми күтүүсүз жагдайга туш болгон 392 адамга жардам көрсөтүлсө, 33 адамга дарыгерлерге чейинки ыкчам биринчи жардам көрсөтүлгөн», - деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости