www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башынан бери алтын экспорттоо 1,7 тоннага кыскарды

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан алтын экспорттоонун көлөмү былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 1,7 тоннага кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Тагыраагы, 2021-жылдын январь-март айларында 140,3 миллион долларга бааланган 2 тонна 448,9 килограмм алтын сатылган. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 4 тонна 183,9 килограммга (212,9 миллион доллар) жеткен.

Быйыл алтын өндүрүү кыскарарын адистер 2020-жылы эле божомолдошкон. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, бул жылы Кумтөрдө казылган алтындын көлөмү 4,3 пайызга чейин төмөндөшү күтүлүп жатат. Буга негизинен казуу иштери алтын азыраак зонага жеткени себеп болору айтылууда.

Ведомство өлкөдөгү ири кенде 2021-жылы жалпысынан 16 тоннанын тегерегинде алтын казылат деп божомолдоодо. Бирок буга чейин «Кумтөр Голд Компани» баалуу металл андан дагы азыраак (14,62ден 15,86 тоннага чейин) болорун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости