www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын социалдык тармакка жазган ойго батырган ойлорун окурмандарга жарыялоону туура көрдүк.  

... Бүгүн парламентте жыйын болду. Айрымдар айтмакчы депутаттар кужулдадык. Бирок, өз кызыкчылыгыбыз үчүн эмес, бизге келген каттардагы элдин суроо талабы үчүн.
... Бүгүнкү күндө Стамбул шаарында 160, Анталья, Анкарада 150дөн ашык жараныбыз алды 10-марттан бери көздөрүнөн Кыргызстан учууда.
... Биз го Кыргызстандабыз, өз эл, өз жерибизде. Ачкадан деле өлүп калбайбыз. Кыйынчылыкта кол сунган эр азамат кыз, жигиттер толтура.
... Башында "эмнеге кетти, келбесин, ал, бул" деп жаман да көрдүк, Каргадык, шиледик. Кыргыз негизи "тирүү болсо бир дөбөдө, өлсө бир чуңкурда" болгонду туура көрөт. Өтө намыскөй, акыркы көйнөгүн чечип берүүгө даярлар толтура.
... Түркиядагы мекендештерибизге кыйын болду, мусаапыр биякта калсын. Акчалары түгөнүп, карандай сууда отургандары да жок эмес. Баарынын тизмеси түзүлүп республикалык штабга келсе да он күндөн бери жылыш жок болчу. Бири экинчисине, экинчиси үчүнчүсүнө топтой тээп атышкан.
Премьер-министрди да кабардар кылдык. Тез арада карап чыгууну убада кылды. Негизи ПМдин басма сөз кызматы, командасы кабардар болсо деле айтышпаганы өкүнүчтүү.
... Же өлкөдөн, же акчадан жок каржалып, бөтөн элде жалдырагандан өткөн тозок жоктур!
... Адамдар мээримдүү бололучу, таш жүрөгүңөрдү талкалагылачы!

... Бишкек шаарында 57 жаңы конуш бар. Теңинен көбү шаарга кошула элек, расмий статустары да жок. Ошентсе да өлбөстүн күнүн көрүп жашап келүүдө. (Мен да 1994-жылдан 2020-жылга чейин жаңы конушта тирлик өткөрдүм. Жашоосун беш колдой билем).
... Бүгүн ЖК жыйынында премьер-министр Муканбеткалый Абылгазиевге өкүрүп, бакырынбай эле астейдил өтүнүч менен кайрылдым.
... "Ансыз да тагдырдын өгөй балдарындай болуп баткак кечип жашап аткан 57 жаңы конуштун жарыгын, суусун өчүртпөңүз, элге карагыла" деп сурандым.
Премьер-министрдин жообу:
- "Эч кандай эч жерде жарык, суу өчүрүлбөйт, ким өчүрсө жоопко тартылат, жарандар катаал күндөр өткүчө "жарык, сууга төлөнбөй калды деп кабатыр болушпасын, мамлекет жарандарын карайт".
... Урматтуу ФБдагы достор! Эгерде сиз жашаган жерде жарык же суу өчсө кайрылыңыздар, бирге аракет кылалы. Ызы чуусуз эле бир, бирибизге жардам этели, ийиндерге баш жөлөйлү, белди бекем бууйлу.
... Тартиптүү эл кор болбойт, тартипсиз эл эл болбойт! – деп жазган депутат Жылдыз Мусабекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости