www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова обсервацияларды кайтарууну күчөтүү керектигин ИИМден суранган. Ошондой эле ал "Ак-Кемедеги" обсервациядагы адамдар тордон секирип жаткандыгын белгилеген. Бул маалыматты тактоо иретинде Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы NazarNews маалымат агенттигине төмөндөгүдөй пикирин билдирди.
"Бишкек шаарынын комендатурасы билдирет, обсервация толугу менен милициянын көзөмөлүндө жана коомдук тартип камсыздалууда.
Тактоо ирээтинде билдиребиз, "Ак-Кемеде" жайгашкан обсервациядагы жайырма эки жаштагы кыз балкондо кийимин жайып жаткан учурда өзүнүн зер буюмун кокустуктан түшүрүп алып чатырдын жээгинен кайра алганга үлгүргөн. Ошол эле учурда ал жак бийик болгондуктан секирип кетүүгө такыр мүмкүн эмес.
Милиция кызматкерлери кызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда ал ал жактан секирип качып кетүү оюнда жок экендигин билдирген", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg