www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖМКларда дүйнөнү 13 үй-бүлө башкарат деген билдирүүлөр көбөйө баштады. Болгондо да алар жашыруун башкарышат. Бирок бул башкаруунун курамына: экономика, саясат, маданият тармактары кирет. Алар баарыбызга жашыруун түрдө басым жасап, өздөрүнүн жаңы тартибин жаратышат. Серепчилер мындай режимди “буттун учу менен басып жүргөн тоталитаризм” деп аташат. Мындай атоонун себеби чоң логикага жатат. Бул тууралуу маалыматты http://lifepozitiv.ru/ жазып чыкты.
Мындай адамдар акырындык менен жашоонун бардык сферасына кирип барып, өз тартибин орнотушат. Алар ар бирибиздин жашообузда бар экендигин байкабай да калабыз. Серепечилер көп убакыттан бери ааламды бир эле пайыз адамдар башкарып, калган 99 пайызы аларга баш иет деген ойду айтып келишет. Бирок бул тизмеге кирүү оңой эмес. Анткени тизмедегилер белгилүү башкаруучулардын урпактары болуп саналат.
Дүйнөнү кимдер башкарып жатканын билүүгө чыдамыңыз жетпей жатабы? Анда алардын айрымдарын атайбыз: Ротшильд (Байер или Бауэр), Брюс, Кавендиш (Кеннеди), Медичи, Ганновер, Габсбург, Крупп, Плантагенетов, Рокфеллер, Романов, Синклер (Сент-Клер), Варбург (дель Бланко), Виндзор (Саксен-Кобург-Готе).
Албетте, бул “буттун учу менен жүргөн” башкаруучулардын толук тизмеси эмес. Бирок алар өзүлөрүнүн ичинде да негиз болуп эсептелет. Бул адамдар жомоктогудай бай. Мындай сумма сиздин түшүңүзгө да кирген эмес! Бул үй-бүлөлөрдүн байлыгы беш жүз триллиондон ашат. Элестетип көрүңүз! Жок дегенде бюджети ушунчалык деңгээлдеги бир мамлекет барбы?
Жогоруда саналган үй-бүлөлөрдүн ар биринин көзөмөлүндө уюмдар бар жана алардын жардамында көздөгөн жерине түз басым жасайт. Алар: Лондон Сити-каржы борбору, Улуу Британиянын бөлүгү эмес; АКШнын Федералдык резервдик системасы-жеке менчик банкы, АКШнын курамына кирбейт; Ватикан-идеологиялык борбору, Италияга көз каранды эмес; Вашингтон- чечим кабыл алуучу аскердик, стратегиялык жана саясий борбору, АКШнын курамына кирбейт.
Азыркы билим берүү системасы буйруктарды аткарып, баш көтөрбөй иштеп, ошол элиталарды байытууга, ой жүгүртүүсү жок кулдарды өстүрүүгө багытталган. Мектеп, институттар балдарга өз алдынча ой жүгүртүүнү эмес, эстеп калууну, маалыматты изилдебей туруп ошол таптагы буйрукка баш ийүүнү үйрөтөт.
Ойлонуп көрсөк, көйгөйдүн тамыры тереңде жатат. Калкты маңыроолукка айлантуу иши билим берүү жана диний мекемелер, массалык маалымат каражаттары жана каржы тутуму тарабынан ар тараптуу иштелип чыккан. Адамдар алсыз, эрксиз кулга айланышып, аларга айтылгандарга ишенбей, берилген буйруктарды аткарышат.
Кишендерден кутулуу үчүн ар кандай маалымат булактарын колдонуу керек. Болуп жаткан окуялардын ар кандай версияларын талдап, салыштырып, интернеттен маалымат издеңиз, телевизор көрбөңүз жана гезит окубаңыз. Мода тенденцияларын ээрчип, ашыкча сатып алууларга жана шектүү эс алууга акча коротууну токтотуңуз. Видеолорду жана жарнамаларды көрүүнүн ордуна китеп окуп, кечелерге катышуунун ордуна спорт менен машыгыңыз.
Булак: NazarNews.kg