www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын түндүгүндөгү Лоди шаарындагы карылар үйлөрүнүн биринде бир айда 50 адам каза болду. Бул тууралуу Adnkronos жазып чыкты.

Жергиликтүү бийликтер бул кырдаалды чоң жоготуу деп атап, өлкөнүн бийлигине кийлигишүүсүн талап кылышты.

Баарыбызга белгилүү болгондой, коронавирус инфекциясы башталагандан тарта бир катар өлкөлөрдө карылар оорудан көз жумушууда.

Италияда COVID-19 илдетине чалдыккандар кичине азайганы байкалганы менен бийлик кризис дагы эле күчүндө экени билдирди.

Адам өлүмү эң көп катталган бул өлкөдө каза тапкандарды 31-март күнү бир мүнөт аза күтүп эскеришти. Мекемелерде мамлекеттик туулар түшүрүлдү.

Эске сала кетсек, 22-мартта Италиянын премьер-министри Джузеппе Конте дарыкана жана азык-түлүк дүкөндөрүн кошпогондо, бардык соода мекемелеринен тышкары, өлкөдөгү бардык ишканалардын иштей тургандыгын жарыялаган. 

Ал эми жергиликтүү бийлик органдары коронавируска каршы күрөшүүгө 400 миллион еврону муктаждарга азык-түлүк сатып алууга бөлгөнүн айтышкан.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Италияда 24 саат ичинде коронавирус инфекциясынан 837 адам көз жуумп, жалпы саны 12428ге жетти. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 110 524 киши.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жайылышына көз салган worldometers.info сайтынын маалыматына караганда, учурда коронавирусту 850 302 адам жуктурса, 41 658 киши көз жумду. Бул илдеттен 176 545 бейтап сакайып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости