www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таттыбүбү Турсунбаеванын жеңеси, актёр Нуркан Трусунбаевдин жубайы Жыпаркүл Турсунбаева өзүнүн социалдык баракчасына Маданияттагы ачуу чындыкты жазып чыкты.

"Мен билген Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссия, бир ууч Маданияттын "беш камандарынын" ченгелинде калып келет. Эмесе, сөз башынан болсун. Бул Мамлекеттик комиссияны Аскар Акаев доорунан баштап, илгертен, Турдакун Усубалиев атабыздын доорунан бери, келген эле бийликке өз киши болуп келген.

Кийин "розанын баатыры" деген ат менен мурдагысынан да кеңири таанымал болгон Бексултан Жакиев агабыз жетектеп келди. Ал киши ал убакта коомчулукта Аскар Акаевдин "бажасы" деген ат менен да таанымал болуп калган учуру эле.

Адегенде Аскар Акаевдин бажасы деген канырыш кептерге ишенип да жүрдүк. Көрсө, эч кандай бажа эмес эле, жубайы Сабира эже Таластан болгон учун эле, кезектеги "марштын" "маркасы" экен. Кандай Маданият тармагындагы чоң-чоң иш-чаралар болбосун, Бексултан Жакиев агабыз "тордун корку" болуп сый - урматтын үстүндө болду. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ар бир доордун Маданият өкүлдөрүнөн турган өзүнүн "арзыматтары" болгон сыяктуу эле, Аскар Акаев доорунун да өз "арзыматтары" болду.

Ошол "арзыматтардын" ана башында Бексултан Жакиев, Муратбек Бегалиев, Туголбай Казаков, Султан Раев, Акылбек Абдыкалыков, Кыргызбай Осмонов ж. б. болду. Бексултан Жакиев агабыз" Манас-1000" дирекциясын жетектеди, анан эле Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын түшпөсхан жетекчиси болуп чыга келди.

Бексултан Жакиев агабыз адегенде эле Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка өзүн татыктуу деп эсептеп, бул сыйлыкты ыйгарууну өзүнөн баштады. Кудай көрсөтпөсүн, ал кишинин айлана-чөйрөсүнө өзүнүн "арзыматтарынан" турган тобу түзүлдү да калды, алар ал кишини алаканга салып гана турушту го чиркин.

Алар ошол эле Муратбек Бегалиев, ошол эле Султан Раев, ошол эле Акылбек Абдыкалыков ж. б. Адегенде эле, Муратбек Бегалиев эч бир чыгармачылык материалдардын топтомун жобого ылайык сунуштабай туруп эле, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык берилди болду да калды. Ал учурда Муратбек Бегалиев Аскар Акаев менен Майрам Акаеванын сүрөтүн иш бөлмөсүнө "иконадай" илип алып, саймедирелеп, кошоматын кош айтып турган мезгили эле. Ошол кошоматтын аркасы менен дароо эле "элдик артист", кийин маданият боюнча министрдин орун басары, андан кийин жогорку окуу жайлар боюнча ректорду тандоо жана дайындоо боюнча жобону одоно бузуу менен азыркы К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын "түшпөсхан" ректору болуп чыга келди.

Ал эми Түгөлбай Казаков Майрам "апченин" аркасы менен каалаган кызматын ээледи, Маданият министринин орун басарлык кызматына чейин жетти. Арыдан бери, Президент Маданият кызматкерлерине салдырган эң алгачкы үйдөн өзүнө энчиге мыйзамсыз көлөмдүү квартира ала коюп, көчөдөн келип эле "эл артисттикти" ала коюп, Маданият тармагында ызы-чуулар күчөгөндө, арыдан бери куйрукту түйүп, Аскар Акаев бийлигинин ичегисине суу жугуртуп, кактап турган Мелис Эшимканов жетектеп турган.

"Асаба" газетасына катардагы журналист кабарчы боло коюп, Аскар Акаев доорунун болгон" жылтырагын" көргөнүно карабастан, Аскар Акаевди каалашынча газета аркылуу талкалап турушту.

Мына, Аскар Акаев доорунун "арзыматтарынын" бири Түгөлбай Казаковдун ошол мезгилдеги жүзү. Ошону менен ар кайсы жерде тирлик кылып жүргөн Түгөлбай Казаков агабыз, кийин Алмазбек Атамбаевдин доорунда "чил боор" жердештеринин колдоосу менен кайрадан аренага кирип, эми Маданият, маалымат жана туризм министри болуп келип, эмне деген ызы-чуу менен кызматтан кеткени боюнча коомчулукка жакшы маалым.

Ал эми Султан Раев Бексултан Жакиев менен Муратбек Бегалиевдин чачпагын которуп журуп, катардагы журналисттен азуулуу Маданият министрине чейин өсүп жетилди. Бексултан Жакиев агабыздын колдоосуна ыраазычылык билдирдиби, айтор Маданият министри болуп келери менен министрликте финансист болуп иштеп жүргөн Бексултан Жакиев агабыздын жубайы Сабира эжени "Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер" аттуу Мамлекеттик чоң даражадагы сыйлыкка көрсөттү кылып, аталган сыйлыкты алып берди.

Бул чыгармачылык инсандарга гана бериле турган сыйлыкты алып бергенден Бексултан Жакиев агабыз да, Султан Раев да уялган жок, тиешеси жок Мамлекеттик сыйлыкты алганына Сабира эжебиз да уялып койгон жок. Ошондой сый-урматтын "үзүрү менен", Султан Раев көп узабай Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болуп чыга келди. "Устатынан шакирти өтүптүр" дегендей, Бексултан Жакиев агабыздын "кешигин" ичип калганданбы, Султан Раев келген эле бийликке өз киши, өз көмөчүнө күл тарткан түшпөсхан Маданият боюнча кеңешчи.

Ал эми Акылбек Абдыкалыков Бексултан Жакиев агабыздын колдоосу менен Аскар Акаев доорунда азыркы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын директору болуп дайындалып, жыл айланбай иш учурунда мас абалында хулигандык менен театрдын ошол убактагы башкы сүрөтчүсү Мелис Исхаковду тепкилеп сабап, ал башынан оор жаракат алып, кийин ошол жаракаттын кесепетинен инсульт алып, парализовать этип, кыйналып жатып, каза болуп калган.

Андан тышкары, Акылбек Абдыкалыков директор болуп турганда, театрдын кызматтык унаасын айдатып алып, театрдын эсебинен майын куйуп алып, жер-суунун баарын кыдырып, театрдын эсебинен үйүнө керектүү мебель, тиричилик техникаларын сатып алдырып, театрдын казынасына чоң зыян келтирип, "маарып" жүрүп, театрдын 1996-жылкы 70 жылдык юбилейлик сезону уюшулбай, жан киши жок ачылбай, шерменде кылып, акыры Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынын представлениеси менен кызматтан айдалып кеткен.

Ошол зоокурду, Бексултан Жакиев агабыз сүйрөп, көтөрмөлөп жүрүп, эч бир уялбастан өзүнүн ордуна Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссияны жетектеткенге жетишти.

Ошентип, бүгүнкү күндө Мамлекеттеги чоң статустуу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын төрагасы, ушул мойнунда адамдын каны калган ыплас зөөкүр Акылбек Абдыкалыков жетектеп турат.

Натыйжада, адегенде эле Акылбек Абдыкалыковдун бир тууган иниси Актан Арым Кубат Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болуп чыга келди. Анан кийин, Акылбек Абдыкалыковдун өмүр боюу массовкада жүргөн актриса аялы Анара Назаркуловага "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" аттуу жогорку даражадагы Мамлекеттик сыйлыкты алып беришти. Ал эми Кыргызбай Осмонов ар кайсыл жакта урунуп-беринип жүрүп, Аскар Акаев доорунда өзү айткандай Чолпон Баекова "апченин" колдоосу менен Т. Абдумосунов аиындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрына директор болуп келип, дароо эле "эл артисти" болуп чыга келди, далай ызы-чуу иштери боюнча нааразычылыктар кучогондо, арыдан бери Маданият министрлигине барып кыпчылып туруп эле, анан эле залкар акын Замирбек Усонбаевди кулала кылып жумуштан кетирип туруп эле, ордун тартып алып Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын директору болуп чыга келди. Министрликте коллегия мүчө боло калып, "өзүнө гана жакшы таанымал" өзүнүн Жумалиев Жумакул аттуу аялын, мыйзамсыз, тиешелүү документсиз коллегияда өттү кылып, "анысы" "элдик артист" болуп чыга келди. Бүгүнкү күндө филармонияны каалашынча калчап, менчигиндей пайдаланып келет, чыгармачыл инсандардын убалына калып келет Акыркы эле мисал, элдин сүймөнчүк уулу Элмирбек Иманалиевдин филармониядан кыскарткан жоругу эмне деген жорук? Элмирбек Иманалиев филармониядан кыскарып, филармонияга батпай кала турган талант беле?

Кыргызбай Осмоновдун финансылык мыйзамсыздыктары, жасалма документтери боюнча азыр иши Ленин райондук прокуратурасында каралууда. Кыргызбай Осмоновдун ордунда анча-мынча уяттуу бирөө болсо уятына чыдабай, Элмирбектен кийин өз арызын жазып иштен кетмек. Кыргызбай Осмоновдун өзүнүн баласы Улуттук Коопсуздук кызматынын кызматкери, балким, адатынча ошондон улам тоготпой жатышы да мүмкүн. Мына бүгүнкү күндөгу Маданият тармагындагы ылайланган көрүнүштөр.

Бексултан Жакиев агабыз боюнча менин пикирим. Бул кишини илгери Таттыбубу Турсунбаева кайнсиңдимдин чыгармачылык триумф учурунда, бир пьесасындагы ичкич аялдын ролун сунуштап, тануулаган да, Таттыбубу макулдугун бербей, ойноодон баш тарткан күндөн баштап, Таттыбубунун келишпес душманы болуп, Таттыбубунун эмгеги татыктуу бааланбай, Таттыбубуго "сальерилик" кылгандар агабыздын пикирлештери болгонун уккан жайым бар. Көрсө, ошол учурда эле ошол бийликтин учурунда, залкар актёр Муратбек Рыскулов атабыздын кол баласы болуп жүрүп, бийлик чөйрөсүнө аралашып, Маданият боюнча ар кандай комиссияларга мүчө болуп, Маданият адамдарынын чыгармачылыктагы тагдырын чечкен чоң фигуралардын бири болуп келгени, эл оозунда илгертен айтылып келгенин угуп калып жүрөм. Мен бул кишинин жашын гана сыйлайм, бирок, "чыгармачылык" деген жолун тааныбайм. Бир гана "Атанын тагдыры" пьесасы боюнча коюлган спектакльдерди коруп жүрдүм. Бирок, улуу акын Алыкул Осмоновдун "Жеңишбек" поэмасына баштан аяк окшош, үндөш болгондуктан, плагиат катары кабыл алгандардын катарындамын. Республика боюнча театрларда, бир туруп Бексултан Жакиев агабыздын бир туруп Султан Раевдин пьесаларын кайталап койгон кадамдарын, коюп жаткан режиссерлордун Мамлекеттик сыйлыктар ошол Бексултан Жакиев агабызга, Султан Раевге окшогон" беш камандардын" ченгелинде экенинен улам, болуп жаткандай кабылдагандардын катарындамын.

Ушундай темп менен 30 жылдан бери татыктуулар талкаланып, тебеленип, татыксыз ыпластар котормолонуп келет. Мисалы, Омор Султанов эмне деген Дүйнөлүк талант, Эрнис Турсунов эмне деген кайталангыс көп кырдуу жазма адабияттын өкүлү эле ж. б. у. с. ?

Баягы, "ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" жорук менен ушул кишилердин эмгеги татыктуу бааланган жок. Каяктагы "саркынды-суркунду" "чыгарма" деп аталган жазмалар, ушул Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болуп келет. Мындан тышкары, Бексултан Жакиев агабыздын "эл баатырлыгын" тааныбагандардан катарындамын. Мындай эң жогорку даражадагы сыйлыкка, татыктуу эмгек керек. Келген эле бийликке өз киши болгондордун "сыйлыгынын" аты таптакыр башкача болуш керек деген ойдомун. Сөзүмдүн акырында айтаарым, Маданиятка толук реформа керек. Ошол эле Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча, ошол эле Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиялардын курамы толугу менен жокко чыгып, бул комиссияларга кынтыксыз репутациялуу, компетенттуу гана инсандар келиш керек деген ойдомун", -деп жазган Жыпаркул Турсунбаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости