www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 17 жаштагы кыз эркек кишини бычактап өлтүрүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-сентябрда, болгон. Кечки саат 23:30дар чамасында «102» кызматына Коёнкөзов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган А. аттуу жаран (аял) үй-бүлөлүк чырдан улам С. аттуу эркекке бычак сайып, ал алган жарааттарынан улам каза болгону тууралуу кабар түшкөн.
Окуядан кийин кыз өзүнө өзү кол салып, дене жаракаттарын алган. Учурда ал ооруканага жаткырылып, конвойдун көзөмөлүндө каралууда. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бардык зарыл экспертизалар дайындалып, азыркы тапта тергөө иштери уланууда.