www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдыда −28 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө

16-17-январь күндөрү өлкө аймагында аба температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир аймакта туман түшүшү мүмкүн. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге жетет.

17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас

өрөөндөрүндө күндүз −1...-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында −2° +3°, Ысык-Көл облусунда −4° ...+1°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн −23...-28°, күндүз −9...-14°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн −30...-35°, күндүз −11...-16° суукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин

кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылын кыйындатат.

Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочулар алыска жолго чыгууда унааңызда кышкы дөңгөлөк, чынжырча, күрөкчө, дары-дармек, ысык суу алууну камсыздоону жана алдын ала эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырат. Кырсык катталганда же жолдогу абал боюнча 112 номерине байланышууну эскертет.

Последние новости