www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бир күн мурун Тоолуу Карабакта азербайжандык аскер кызматкерлеринин аракеттери, террордук акт болуп саналарын билдирди. Жыйынтыгында үч полиция кызматкери набыт болгон. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
“Премьер-министр француз теңтөрагасынын көңүлүн 5-мартта Тоолуу Карабакта азербайжандык куралдуу күчтөр диверсия жасап, анын натыйжасында Тоолуу Карабахтын Ички иштер министрлигинин паспорттук-виза бөлүмүнүн үч кызматкери каза болгондугуна бурду.
Пашинян азербайжандык диверсиялык топтун аракеттерин терроризмден башка квалификациялоо мүмкүн эместигин баса белгилеп, Лачин коридорун тосууга жана Тоолуу Карабакта гуманитардык катастрофа жаратууга багытталган аракеттерге параллелдүү үч айдан бери Арцахтын калкын (таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасы) түпкү максатына – этникалык тазалоого жетишүү үчүн Азербайжан террордук аракеттерин улантып жатканын кошумчалады”, - деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда премьер-министр азыркы шарттарда Лачин коридоруна жана Тоолуу Карабакка эл аралык фактыларды иликтөө тобун жөнөтүү зарыл болуп жатканын кошумчалады.
Армениянын ведомстволору жекшемби күнү кабарлашкандай, азербайжандык аскерлердин диверсиялык тобунун паспорт-виза бөлүмүнүн кызматтык унаасын аткылоосунан таанылбаган Тоолуу Карабак Республикасынын үч полиция кызматкери каза болуп, дагы бирөө жарадар болгон.
Булак: NazarNews.kg