www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Медициналык тез жардам борборунун кызматкерлери айлык акыны көтөрүүнү талап кылып, Саламаттык сактоо министрлигине келишти.
Алардын айтымында, Алымкадыр Бейшеналиев министр болуп турганда айлыктарын көтөргөн. Бирок андан бери азайып жатканын билдиришет.
"Үч жыл мурун иштей баштаганда 25 миң сом алчумун, кийин барган сайын азыраак төлөп башташты. Болбосо ар дайым бирдей убакыт иштейм. Кечээ мага бир жарым ставка менен иштегеним үчүн 11 миң сом беришти", - дейт кызматкерлердин бири Алия Алдеева.
Дарыгер Эльдар Абдылдаев белгилегендей, тез жардам кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасы түшүнүксүз.
"Жетекчилик айлыктын азайышын кимдир бирөө эмгек өргүүсүнө, ооруп калганына байланыштуу биздин айлык акынын эсебинен төлөнүп жатканы менен байланыштуу экенин айтышууда", - дейт ал.
Акциянын жүрүшү тууралуу кабардар болгон борбордун жетекчилиги чукул жыйын уюштуруп, бардык кызматкерлерди, атүгүл эс алууда жүргөндөрдү да чакырышканын катышуучулар кошумчалашат.
Булак: NazarNews.kg