www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-августка чейин Фрунзе көчөсүнүн бир тилкеси жабылат

Борбор калаанын жол тармагын реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруунун алкагында, 2026-жылдын 16-июнунан 1-августуна чейин Фрунзе көчөсүнүн Осмонкул көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкеси транспорттун жүрүүсү үчүн убактылуу жабылат.

Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, бул иштер Фрунзе көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүүнүн биринчи баскычы болуп саналат. Жалпысынан долбоор Осмонкул көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки тилкеде оңдоо иштерин жүргүзүүнү караштырат.

Кыймылды баскыч менен жабуу оңдоо иштеринин шаардагы транспорттук абалга тийгизген таасирин азайтуу жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулду.

Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жана кошумча маалымат Бишкек шаарынын мэриясынын расмий маалымат булактары аркылуу калкка жеткирилип турат.

Последние новости