www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр» деген кеп бар. Көптөгөн еврей пайгамбарынан соң Мухаммед арабдардан чыккан биринчи жана акыркы пайгамбар. Ислам дининде кудайды жана андан кийин Мухаммед пайгамбарды ыйык тутат, ошондуктан ислам дининде «Аллахтын кулубуз, Мухаммеддин үмөтүбүз» деп айтылат.
Шииттерде да намаз беш маал окулуп, бирок үч маал азан айтылат
Шииттер хижрий жыл санагынын биринчи кылымынын аягында, башкача айтканда биздин замандын VIII кылымынын башында пайда болгон. Дүйнө боюнча боюнча 1 миллиард 570 миллион мусулмандын ичинен 10-13 пайызын шииттер түзөт. Сандык курамдан алсак, изилдөөлөр боюнча 200 миллионго жетип-жете бербеген шиит мусулман бар. Дүйнөдөгү шииттердин үчтөн бир бөлүгү Иранда жашайт. Шииттер Ирак, Бахрейн, Ливан, Азербайжан аймактарында да бар. Борбор Азияда, анын ичинде бизде Кыргызстанда да шииттер кездешет. Булардын Йеменде жашагандары зайдия мазхабын кармангандар. Алар Йеменде жашаган калктын 40-45% түзөт. Булар сунниттерге эң жакын деп эсептелет. Керек болсо шииттер буларды бөлүп, өзүнүн агымы катары эсептебеген учуру бар. Афганстандын, Пакистандын, Сауд Арабиясынын, Түркиянын да калкынын 10-15% шииттер түзөт. Булардын эң чоңу имамия. Имамия бүгүнкү күндө эң чоң агымы деп эсептелет. Ирандын негизги мазхабы. Андан кийин исмаилия, анан зайдия. Ал Йемендин расмий мазхабы сыяктуу. Анан кийин мушария бүгүнкү күндө Сирияда бар. Дагы бир агымы - друзия. Ал да Сирияда тараган.
Шииттерде да намаз беш убакыт окулат. Бирок беш жолу болгону менен бешим жана аср, шам жана куптан намаздары бириктирилип, үч маал азан айтылат. Азандарында “Али Алла Тааланын досу экендигине күбөлүк берем” деген сөздү кошуп айтышат. Даарат алганда сунниттер маасы кие турган болсок, маасыга гана масх тартат. Булар болсо жалаң бутка да масх тарта беришет. Азирети Хусейин шейит болгон жердин топурагынан жасалган деген сажда ташчалары бар. Намазда сажда кылганда чекелерин ошого тийгизишет.
Булардын тарых сахнасына чыгышынын негизги себеби акыйда маселесине барып такалат. Мисалы, шииттерде “керээз” деген түшүнүк бар. Бул эмне? Алар Мухаммед пайгамбардын керээзинин негизинде азирети Али мусулмандардын имамы, лидери болгонуна ишенип келишет. Исламды өзүнүн нукура абалына жеткире турган куткаруучу имам Махдий келет деген түшүнүк да алардын акыйдасында бар. Ушул ишеним акыйдаларына негизделген түшүнүктөр айрыкча “малавий”, башкача айтканда араб эместердин арасында жайыла баштаган.
Иран өзүн борбор катары эсептеп, дүйнөгө шиит идеологиясын жайылтууну көздөөдө
Ислам эми гана тарала баштаган учурда же пайгамбарыбыздан кийинки мезгилде азирети Осмондун, азирети Алинин өлтүрүлүшү, андан кийин “Кербала трагедиясы” деп Мухаммед пайгамбардын небереси азирети Хусейиндин Иракка жакын жердеги Кербала деген жерде өлтүрүлүшү тарых барактарында шииттердин пайда болуусуна негиз болгон. Бирок булардын келип чыгуусунун эң негизги себеби - халифалык түшүнүгү. "Азирети Мухаммед пайгамбардан кийин халиф, имам болуп азирети Али келиши керек эле. Азирети Абу Бакр, азирети Умар, азирети Осмондор анын акысын, анын халифалык укугун тартып, басып алган. Азирети Али, анын укум-тукуму, урпактары халифалыкка келиш керек. Пайгамбарыбыздан кийинки 12 имам күнөө иш кылбай турганы, мусулман үмөтүнө лидер боло турган ал имамдар келип, жол көрсөтүп берет" деген түшүнүк булардын акыйдасында бар.
ХХI кылымдын башынан эле Жакынкы Чыгыш дүйнөлүк маанилүү окуялардын сахнасына айланды. "Араб жазы", диктатуралык бийликтердин кулашы, куралдуу кагылышуулар жана региондогу таасирдүү оюнчулардын тирешүүсү эл аралык мамилелердин эң маанилүү темасы болуп калды. Айрым изилдөөчүлөр бул касташуунун себебин саясий, тарыхый жана геосаясий келишпестиктерден улам чыгып жатат деп айтып жүрүшөт. Ал эми кээ бирлери аймактагы абал суннит жана шиит жамааттарынын ортосундагы таасир талашуу же диний айырмачылыктардан улам болуп жатат дешет. Бул чыр-чатактарда диний компоненттин катышы да бар экенин танбайбыз.
Сунниттер менен шииттердин басып өткөн жолун карай турган болсок ортодо кагылышуулар болуп келген. Осмон империясынын учурунда шииттердин Ирандын аймагында өзүнчө Сафавиддер деген мамлекети болгон. Ал жакта да түрдүү кагылыштар болуп турган. Бирде жеңип, бирде жеңилип дегендей. Көптөгөн согуштар көз караштардын келишпестигинен улам болгон. Ошол эле суннит менен сунниттердин, шиит менен шииттердин ортосунда болгон. Сунниттер менен шииттердин ортосундагы согуштарга назар салсак дин, мазхаб, акыйдага байланыштуу кагылышуулар балким 10-15 пайыздын тегерегинде болгон чыгар. Чыр-чатактар көбүнчө саясий жана экономикалык негизде, башкача айтканда таасир талашуудан улам болуп келген.
Бүгүнкү күндө сунниттер менен шииттердин ортосундагы чыр-чатактар да таасир талашуудан улам болуп жатат. Учурда Сауд Арабиясынын максаты дүйнөгө Меккени борбор кылып салафизмди жаюу болсо, Иран өзүн борбор катары эсептеп, дүйнөгө шиит идеологиясын жайылтуу деген максатты көздөп келатат. Бул талаш-тартыштарда диний компоненттерге да таянат. Бирок анын саясий-экономикалык жагы күчтүүрөөк.
Кыргызстандагы шииттердин жамааты
Кыргызстандагы шииттердин жамааты, аларга таандык муфтиятка баш ийген бир мечит Бишкек шаарында ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Бир канча жыл мурдагы санакка ылайык Кыргызстандагы шииттердин саны 1000 кишинин тегерегинде деп эсептелген. Бишкекте “Имам Али” атындагы шииттердин мечити бар. Азербайжан улутундагы имамы бар. Мечит Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына баш ийип, дин комиссиясынан атайын эсептик каттоодон өтүп ишин алып барууда. Байкоочулар шииттердин толеранттуу имамы, жамааты, мечити бар деп белгилешет. Буга чейин идеологиялык жактан алардын Кыргызстанга, диний кырдаалга эч кандай зыяны, тоскоолдугу көрүнгөн эмес.
Айрым дин аалымдары жана талдоочулар "Кыргызстанда ишин жүргүзүп жаткан шииттерге тиешелүү айрым фонддор жана окуу жайлар келечекте биздеги диний кырдаалга терс таасирин тийгизет" дешет. Бүгүнкү күндөгү абал жана дүйнөдөгү идеологиялык баскынчылыкты, ааламдашуу доорунда жашап жаткан шартты карай турган болсок Кыргызстанга дагы көп нерсе кирип келе жатат. Бул өңүттөн караганда Кыргызстанда шииттердин позициясы бекемделиши мүмкүн. Айрым фонддор билим берүү, финансы тармагында, тил үйрөтүү, кайрымдуулук жаатында, муктаждарга жардам көрсөтүү сыяктуу көптөгөн багыттар боюнча ишин жүргүзүп, кишилердин көңүлүн алып жатат.
Аны менен бирге өздөрүнүн позициясын, көз карашын, дүйнө таанымын элге, жаштарга жайышы мүмкүн. Келечекте сыртынан булар шиит дебесек да алардын баалуулуктарын, позициясын, көз караштарын карманган жаштардын тобу калыптанышы мүмкүн экендигинен кабар берет. Бул Кыргызстандын келечегине албетте коркунуч туудурат. Муну болтурбоонун кандай жолу бар:
Биринчиден, ортодогу толеранттуу мамилени сакташыбыз керек.
Экинчиден, Кыргызстандагы салттуу болуп эсептелген мазхабыбызды бекем карманышыбыз шарт. Керек болсо орто мектептерде, медреселерде атайын программаларды учурдун талабына ылайык иштеп чыгып балдарыбызды окутуп, түшүндүрүп туруу зарыл.
“Кимде маалымат болсо, анда ал куралчан” дегендей өзүнүн мазхабын, акыйдасын терең билген киши башка жакка ооп кетпейт. Эгерде бул ишти жүргүзө албасак, анда сырттан келгендер Кыргызстанда “ат ойнотуп”, таасирдүү күчкө айланышы мүмкүн. Бул өз колубуздагы мамлекеттик идеологияга, мамлекеттик саясатка барып таяна турган эң маанилүү маселе болуп эсептелет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg