www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсияны индексациялоо өтөт. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20%га көбөйтүлөт, деп билдирди Соцфонддун башчысы Бактияр Алиев.

Анын айтымында, пенсиянын эң аз өлчөмү 8800 сом болот.

Алиев жогорулатуу мамлекет тарабынан кепилденген базалык бөлүгүн эсепке албастан, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнөн гана эсептелерин түшүндүрдү.

Мисалы, эгерде пенсия 13 миң 170 сомду түзсө, бул сумманын 3170 сому — базалык бөлүгү, ал эми 10 миң сому — камсыздандыруу бөлүгү болуп саналат. Индексация дал ушул камсыздандыруу бөлүгүнө колдонулат: 10 миң сомдун 20%ы 2000 сомду түзөт. Ошентип, жогорулатуудан кийин пенсиянын өлчөмү 2000 сомго көбөйөт.

Соцфонддун башчысынын айтымында, пенсионерлер 1-октябрдан тартып алардын пенсиясы канча суммага көбөйөрүн ушул эле схема боюнча өздөрү алдын ала эсептеп алса болот.

Последние новости