www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров учурда Азиянын Илимдер академиясында жетекчилик кызматты аркалап жатканын билдирди.
Ал бул тууралуу Ысык-Көлдө өтүп жаткан VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Жапаровдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кытайда Азиянын Илимдер академиясынын биринчи жыйыны өтөт.
Ага Азиянын 47 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
«Максатыбыз — илим-билим тармагындагы кызматташууну күчөтүп, биргелешип өнүгүү», — деди Акылбек Жапаров.