www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-июлда көпчүлүк тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Таласта +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +23...+28 жана Нарында +21...+26 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +31...+33, Чолпон-Атада +23...+25 жана Ош шаарында +33...+35 градусту көрсөтөт.
Булак: NazarNews.kg