www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-майга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет Кыргызстандын аймагындагы 10-майга чейинки болжолдуу аба ырайы боюнча маалымат таратты.

Чүй, Талас облустары:

6-майда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

6-майда күндүз жана 7-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда күндүз жана 9-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

9-майда күндүз жана 10-майда өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт. 10-майда күндүз айрым райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Бишкек шаары:

6-7-8-майда жана 9-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

9-майда күндүз, 10-майда түнкүсүн жаан жаайт. Ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары:

6-майда түнкүсүн Баткен облусунун айрым райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаашы мүмкүн. Айрым аймактарда катуу жаан жаашы күтүлөт. 6-майда күндүз жана 7-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.

8-майда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаашы мүмкүн.

9-майда күндүз, 10-майда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Ысык-Көл облусу:

6-майда түнкүсүн айрым аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. 6-майда күндүз жана 7-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда күндүз, 9-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаайт.

9-майда күндүз, 10-майда түнкүсүн көпчүлүк райондордо жаан жаашы күтүлөт. Ал эми 10-майда күндүз айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарлары:

6-майда күндүз жана 7-майда жаан жаабайт.

8-майда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт.

9-майда түнкүсүн жана 10-майда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

6-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-майда күндүз, 7-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаашы мүмкүн.

8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда күндүз жана 9-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-майда күндүз, 10-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости