www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун XE деп аталган жаңы штаммы жайыла баштаганын билдирди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

ДССУ адистеринин изилдөөлөрүнө караганда, жаңы штаммдын жугуштуулугу буга чейин чыккан көрүнбөс “омикронго” салыштырмалуу 10 пайызга жогору болушу мүмкүн. Аны алгачкылардан болуп Улуу Британиянын окумуштуулары таап чыккан.

Роспотребнадзор мекемесиндеги илдеттерди аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды издеген илимий топтун жетекчиси Камиль Хафизов жакында эле аныкталган XE штаммы супер уникалдуу жана өтө жугуштуу болбошу деле мүмкүн экенин айтууда. Андыктан, ал коронавирус кайрадан күч алат деп паникага алдырбоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости