www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пандемиядан соң оору күчөп турганда элге жардам бербей, элди сөккөн Токтогазиев 100 күн болсо да бийликтин даамын татты. Бир гана кара пиарды ойлоп кызматтан алынган Айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев жакшы иштебегендиктен өлкөдө шекер жана өсүмдүк майынын чектелүү гана көлөмү бар. Кайыңды заводдо 18 миң тонна шекер бар. Кампаларында 8 миң тонна гана калган, бирок алар дыйкандарга таандык. Бул болжол менен 3 айга жетиши мүмкүн. Мунун бирден-бир себеби аткезчилик. Шекер ири көлөмдө Тажикстанга, Өзбекстанга экспорттолгон. Суу майдын запасы 5 ай убакытка жетет. Бүгүнкү күндө чек арада көп көйгөйлүү маселелер бар. Контрабанданын көлөмү 1 млрд сомго чейин жетет. Унду улпак же азык-түлүктүн башка түрү катары катташкандыктан бюджетке акча келип түшпөйт.Оозуна ун сугунуп алгансып мунун барын билип туруп Токтогазиев 100 күн үн катпай турду.
Тилек Токтогазиев «Ата-Мекен» партиясын колдоп шайлоо алдында гана чыккан. Балким артында турган күчтөргө таянып, өкмөт башчысын алганга умтулгандыр. Бирок ал Кыргызстанда башкы нерсе тынчтык экенин түшүнүп турабы же жеке амбиция күчтүүбү? Пандемия учурунда Тилек Токтогазиевге жардам сурап чалганына өкүнгөнүн айтып, айылдашы Азиза Абдрасулова Фейсбук баракчасына минтип жазган:
"Тилек Токтогазиев деген жигит тууралуу көп нерсе айтылып жатат. Бирөө билип айтат, бирөө билбей айтат. Мен билгеними айтайын. Ал жигит биздин Кырман айылында жашайт. Июль айында, карантин күчөп турганда биздин айылда оору күчөп кетти. ФАП жабылып, медиктерибиз бүтүндөй обсервацияга кетишип, укол, капельница жасаганга медик жок айлабыз куруду. Срочно стационар ачыш керек деп чечтик. Мечитибиздин имамы мечитти бошотуп берди. Бирок, көп нерсе жетишпей, «защитный средстволарга» муктаж болдук. Ошол кезде, Тилек Токтогазиев тияк-биякка жардам берип жатканын угуп, атайын байланышсам "Уктап жаттым эле" деп койду. Кийин кайра чалдым. "Алло" деп өчүрүп койду. Үмүтүм үзүлбөй кайра чалсам жакшылап бир жакка жиберип койду. Ушундай. Үмут кылып, айылдашыбыз деп улуу башымды кичүү кылып чалганыма өкүнөм. Бирок, жакшы адамдар бар экен. Эмиль, Евраз, Сейтек, Мирлан, Гулзана деген уул - кыздарыбыз колдон келген жардамын беришип, айыл эли үйүмө акча жыйнашып, алыскы Прагада жашаган бир журналист балабыз жардамын жиберип айыл элибизди сактап калдык. Жаман көрбөгүлө.
Болгон чындык". Дептир Азиза Абдырасулова. Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев 100 күн ичинде жасаган иштери боюнча жыйын өткөрүп ал кызматын тапшырган соң, эс ала турганын жана пландары жөнүндө айтып берди. «Азыр оюмдун баары кийинки министрге жумушту жакшы тапшырып берүүдө. Шайлоого катышамбы же жокпу, азыр айтуу эрте, бирок, кызматымды тапшырган соң, үй-бүлөм менен болуп, уйкумду кандырам», - деди Токтогазиев.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg