www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда опузалап акча талап кылууга шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, 27 жаштагы жаран милицияга арыз менен кайрылып, анда бейтааныш эки адам андан "100 миң сом таап берүүнү" талап кылышкандыгын билдирген. Окуя үстүбүздөгү жылдын 28-февралында саат 14:30 чамасында болгон.

Милиция шектүүлөрдү 29-февралда опузалап талап кылынган акчанын 15 миң сомун алып жатканда колго түшүргөн. Алар Жалал-Абад шаарынын тургундары экендиги аныкталды: 23 жаштагы Ю.Ф., 20 жаштагы А.А, И.В., жана 19 жаштагы И.И.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Последние новости