www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-сентябрда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Манас театрынан билдиришти.

Айтыш саат 09:00дө Кыргыз улуттук «Манас Ордо» этнографиялык комплексинде башталат.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып алынган 16 төкмө акын катышат. Алардын арасында Абдылда Нуралиев, Болот Назаров, Нурайым Бактияр кызы, Жамайка Токонова, Тынчтык Эсенбай уулу жана башка белгилүү акындар бар.

Акындар эгемендүүлүк жылдарындагы өзгөрүүлөр, улуттук баалуулуктар, мекенчилдик, тарых жана элдин биримдиги тууралуу ырдашат.

Айтыштын максаты — төкмөлүк өнөрдү жайылтуу, улуттук оозеки чыгармачылыктын салттарын улантуу жана жаштардын айтышка болгон кызыгуусун арттыруу.

Последние новости