www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 11-жашар баланы тоого алып барып, зордуктаган жаран 13 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Ысык-Көл облустук соту 11-мартта кабыл алды.

Маалыматка таянсак, 11-жашар баланы зордуктаганга айыпталып жаткан жаран 13 жылга эркинен ажыратылып, 50 000 сом өлчөмүндө моралдык зыян катары жабырлануучу тарапка төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Тергөө органдарынын айтымында, кылмыш 2020-жылдын 27-февралынан 28-февралына караган түнү жасалган. Ошол эле айылдын тургуну, 2007-жылы туулган айылдашын ээн талаага алып барып, ага карата зордук-зомбулук аракеттерин жасаган.

Бирок, соттолуучу күнөөсүн моюунуна алган эмес. Анын айтымында, ошол күнү мас абалында болгон. Жакын туугандарынын үйлөнүү тойуна мал сатып алуу үчүн тоо тарапка туугандарыныкына бара жатканда жолдон айылдашы 11 жаштагы бала жолугуп калган. Аны арабага салып алып, туугандарынын үйүнө мал тууралуу сүйлөшүп, кайра келгенин айткан.

Белгилей кетсек, жабырлануучу социалдык кызматкердин жана жакын туугандарынын коштоосунда сурак берген. Анын айтымында айылдашынын арабасына олтуруп алып, тоо тарапка барганын тастыктап, соттолуучу кийинчерек аны башка согуп, эсин оодарып, зордук-зомбулук көрсөткөнүн айтты.

Жыйынтыгында Ак-Суу райондук сотунун судьясы Э.Шаршеев аны күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыраткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости