www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн ишембиде Өзбекстанда үрөй учурган кылмыш катталган. Ферганада курулушу бүтө элек үйлөрдүн биринен зордукталган 11 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Анын өлүмүнө 17 жаштагы өспүрүм шектелип жатат. Бул тууралуу Podrobno.uz кабарчысына шилтеме берип жазды. 

Маалыматка караганда, журналисттер кылмыш болгон жерге барышкан. Шектүү 11-класста окуйт. Укук коргоо кызматкерлери анын 2 досунун кылмышка тиешеси бардыгын иликтеп жатышат. Өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси жаракаттар менен эски жуурканга оролгон абалда табылган. Туугандарынын айтымында, 19-июль күнү алардын үйүнө таанышынын уулу келип, кызды апасы чакырып жатканын айтып, алып кеткен.

Бир канча убакыт өткөндөн кийин ата-энелер издей башташкан. Аны алып кеткен өспүрүм (азыр шектүү) ал үйүнө бир сааттай мурда кеткенин, бирок кызды эч ким көрбөгөнүн айткан. Коңшуларынын айтымында, шектүү өспүрүмдүн жүрүм-туруму жакшы эле болгон. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда. Кылмыш иши козголгон. Шектүү азыр камакта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости