www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын жараны Индиянын тургуну күйөөсүнүн экинчи аялы экенин билип калып, аялды сотко берген. Бул тууралуу Deccan Herald басылмасы маалымдайт.

 Аялдын айтымында, ал 2004-жылы Индиянын Карнатака штатындагы Бангалор шаарына турмушка чыгып, андан кийин күйөөсү экөө Улуу Британияга көчүп кетишкен. Бирок 2006-жылы күйөөсү ага айтпастан Индияга барган. Ал жерден биринчи аялу менен ажырашпай туруп аялга тымызын үйлөнүп алган. Бул тууралуу биринчи аялы 2017-жылы гана билген.

Ал дароо эле Бангалор полициясына арыз жазып, көп өтпөй анын экинчи аялына кылмыш иши козголгон. Айыпталуучу өз кезегинде күйөөсүнүн биринчи никеси тууралуу билбей турганын айткан. Алданып калганын билээри менен дароо ажырашууга арыз жазган.

Карнатака Жогорку соту экинчи аялы берген документтерди изилдеп чыгып, ага коюлган бардык айыптарды алып салган. Соттун билдирүүсүнө караганда, бул окуяга бир гана эркек күнөөлүү деп тапкан. 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости