www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Кыргызстандын жана Өзбекстандын темир жолун пайдалануу менен Ооганстанга товар ташыйт. Бул туурасында афганистандык Tolonews жаңылыктар порталы жазды.
Өлкөнүн Темир жол башкармалыгынын жетекчиси Бахт Рахман Шарафт Өзбекстанга болгон сапарынан маалымат берген.
"Биз үч өлкө менен макулдашууга жетиштик, анын ичинде жеке менчик компаниялар дагы бар. Жакынкы күндөрү ийне-жибине чейин макулдашылып, толук түрдө бекитилет", — деген Шарафт.
Анын айтымында, коммерциялык жүктөрдү Кытайдан Ооганстанга поезд менен ташуу ушул сентябрда башталат.
Кытайлык компания бир рейс менен 3500дөн 5000ге чейин контейнерде товар ташып келерин, бул Пакистан аркылуу өткөн каттамдан алда канча ыңгайлуу болорун жазган.
"Коммерциялык жана өнөр жай товарларын ташууда чыгымдар бир топко азаят. Учурдагы маршрут көп убактыбызды алып, ички рыноктогу керектөөчүлөрүбүзгө катуу таасирин тийгизүүдө", — деди Афганистандын Өнөр жай жана жер казынасы палатасынын директорунун орун басары.
Азыркы тапта коммерциялык товарлардын басымдуу бөлүгү Ооганстандын Харитан, Агина жана Тургунди темир жолдору аркылуу келет.
Булак: NazarNews.kg