www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Түркиянын укук коргоо органдары менен биргелешкен операциянын жүрүшүндө 12 жылдан бери издөөгө алынган жаранды кармап, Кыргызстанга алып келди.
ИИМдин маалыматына ылайык, Стамбул шаарында 1990-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран кармалган. Алдын ала маалымат боюнча, ал адам өлтүрүү фактысы боюнча айыпталууда.
Тергөө маалыматтарына караганда, 2014-жылдын февраль айында Бишкек–Ош унаа жолунда чыккан жаңжал учурунда такси айдоочусу М.У. каза болгон. Кылмыштан кийин А.Ш. Кыргызстандан чыгып кетип, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө жарыяланган.
ИИМ белгилегендей, шектүүнү кармоо кыргыз жана түрк укук коргоо органдарынын кызматташтыгы, санариптик технологияларды жана эл аралык маалымат алмашуу механизмдерин колдонуу аркылуу ишке ашкан.
Министрлик акыркы жылдары чет өлкөлөрдө жашырынып жүргөн, эл аралык издөөгө алынган бир катар адамдар кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилгенин маалымдады.