www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө жаңы мугалимдер алынабы?

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө жаңы мугалимдер кабыл алынбай турганын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө 650 орус тилдүү предметтик мугалимдер жетишпейт.

"Айлык жогорулаганга чейин 3-4 миң мугалим жетишсиз болсо, азыр андай эмес. Эсиңиздерде болсо, айлык 80-100 пайызга көтөрүлгөн. Жаңы системага өткөндө мугалимдерди ишке албайбыз, анткени 0-классты даярдаган кадрлар бар. Ошол эле учурда стандарттар өзгөрөт, тагыраагы, окуу китептерин сатып алууга жана адистештирилген класстарды акырындык менен камсыздоого көбүрөөк акча бөлүнөт", — деди Кендирбаева.

Эске салсак, министрлер кабинети "Жалпы орто билим берүүнүн структурасын модернизациялоо жөнүндө" токтомун бекитип, анда мектепте окутуунун 12 жылдык моделине өтүү каралган.

Белгиленгендей, беш жана алты жаштагы балдардын 100 пайызы милдеттүү түрдө мектептен билим алат. Учурда мектепке чейинки даярдоо программасында иштеп жаткан мугалимдер квалификациясын жогорулатуу курстарын аяктагандан кийин биринчи класстарга сабак берүүнү улантышат.

Бүгүнкү күндө жалпы билим берүү уюмдарында 4048ден ашык мектепке чейинки билим берүү класстары уюштурулуп, алар балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык келген эмеректер жана окуу куралдары менен жабдылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости