www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштери 9-февралда — добуш берүү күнүнө 20 күн калганда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Ал эми 28-февралда эртең мененки саат 08:00дө, башкача айтканда, добуш берүү башталганга бир сутка калганда аяктайт.
БШК кайра шайлоодо үгүт иштерине катышуу үчүн жалпысынан 16 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү, алардын ичинде:
басма сөз басылмалары — 1;
телеканалдар — 9;
радио — 3;
интернет-басылмалар — 3.
БШКнын расмий сайтында эфир убактысын, басма аянттарын берүү акысынын өлчөмү жана башка шарттары, ошондой эле интернет-басылмаларга материалдарды жарыялоо укуктары жөнүндө маалыматтар жайгаштырылат.
Аккредитациядан өткөн ЖМКлар жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт материалдарын мыйзам талаптарына ылайык, тактыкты жана калыстыкты камсыз кылуу менен жарыялоого милдеттүү.
Белгилей кетсек, №13 көп мандаттуу шайлоо округунда кайра шайлоо 1-мартка дайындалган.