www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы №13 округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгусу келген Мансуралыев Залкарбек Медетбековичти каттоодон баш тартты.

Мансуралыев 21-январда арыз тапшырган.

Документ кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Мансуралыевдин талапкерлерге коюлуучу талаптарга ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.

Чек ара кызматынын 22-январдагы маалым катына ылайык, Мансуралыев акыркы 5 жылда республиканын аймагында туруктуу жашоо тууралуу талапка жооп бербей тургандыгы аныкталган. Себеби ал 2021-жылы 354 күн, 2022-жылы, 2023-жылы 123 күн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн.

Последние новости