www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракалпакстан автономдук республикасында өз баласын 15 миң долларга сатууга аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Каракалпакстандагы Беруни шаарынын ички иштер бөлүмүнө Кундуз аттуу аял 13 жаштагы баласын мыйзамсыз сатканы жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал аялдын экинчи баласы болгон.

Маалымат текшерилгенден кийин, шектүү аялга берилүүчү акчалар алдын ала белгиленет. Ошентип укук коргоо органдарынын кызматкерлери аялдын үйүнө алып-сатуу операциясы жүрүп жатканда кирип барышкан. Жеринде мурда белгилеген доллар акчалар далил катары алынган.

Шектүү 15 миң доллардын баарын алганга жетишкен. Баланын энесине карата "адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ага 12 жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратуу өкүмү берилиши мүмкүн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости