www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча ишти карап жатат.

Айыпталуучу үчөө: "Дордой" базарынын кароолчусу 41 жаштагы Кумарбек, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча мурдагы инспектору, 39 жаштагы Дайырбек жана Свердлов районунун мурдагы аймактык тескөөчү, 34 жаштагы Эрмек (аты-жөнү өзгөртүлдү).

Жыйын жабык эшик артында өтүүдө. Сот иштин материалдарын изилдөөгө өттү. Андан кийин тараптардын талашы, акыркы сөз жана өкүм болот. Айыпталуучуларды суракка алуу аяктады. Алардын бири да күнөөсүн мойнуна алган жок.

Ал эми, Биринчи Май райондук соту зордуктоого шектелген төртүнчү жаран, официанттын ишин карап жатат. Төрт соттолуучу тең бири-бири менен тааныш.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости