www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15 жаштагы окуучу кыз баңгизаттан каза болду

Москвада 15 жаштагы мектеп окуучусу көчөдөн таанышы таап алган баңги затын ашыкча колдонуудан улам каза болду. Бул тууралуу, 8-августта белгилүү болгондугун Baza Telegram каналы билдирди.

Маалым болгондой, 32 жаштагы жаран досу менен көчөдөн белгисиз зат салынган баштык таап алып, ичиндегини жашы жете элек сүйлөшкөн кызы менен колдонууну чечкен. Кечинде тогузунчу класстын окуучусу ооруп, эртеси оорусу ого бетер күчөп, кыз өзүн жаман сезип, калтырап, эсин жоготуп койгон. Ошондон кийин эркек аны жакынкы ооруканага жеткирүүнү чечкен, бирок окуучу кызды сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Өлүмдүн себеби, алдын ала маалыматтар боюнча, такталбаган заттын уулуу таасиринен улам жүрөгү токтоп калган. Бул факты боюнча “Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү” жана “Баңгизаттарды сатуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости