www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылдын январь-июнь айларында республиканын аймагында 3 миңге жакын жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.

Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өткөн жылдын январь-июнь айына салыштырмалуу кырсыктардын саны 1,3 пайызга азайган.

"Жол кырсыктарынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына - 45%, Чүй облусуна - 19% жана Ош облусуна - 10% туура келет. Кырсыктан 4,4 миң адам жабыр тартты, бул 2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 5 пайызга аз, каза болгондор - 269 адам, же 8,5 пайызга көп болду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, анын ичинен 820 учуру балдардын катышуусунда болгон. Бул өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 2,2 пайызга көп. Натыйжада 38 бала каза болуп, 981 бала жабыр тартты.

153 жол кырсыгы мас айдоочунун катышуусунда катталып, бул өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 17 пайызга азайды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости