www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт «Бала ырысы» жөлөкпулун берүү тартибин бекитти

Министрлер Кабинети «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү жөлөкпулун берүү тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, 1-июлдан тарта жаңы ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 1 миң 200 сомду түзөт.

Финансы министрлигине аталган төлөмдөрдү өз убагында жана үзгүлтүксүз каржылоо үчүн республикалык бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү тапшырылды.

Жөлөкпулду дайындоо процессин оптималдаштыруу үчүн санариптик технологияларды жана ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү кеңири колдонуу каралган. Саламаттык сактоо министрлиги Президенттин Иш башкармалыгы жана «Түндүк» ААК менен биргеликте балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалыматтарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өз убагында өткөрүп берүүнү камсыз кылат. Ата-энелерге жөлөкпул алуу укугу тууралуу маалымдоо медициналык кызматкерлер тарабынан үйлөргө барганда жана пландуу эмдөөлөрдүн жүрүшүндө проактивдүү түрдө ишке ашырылат. Бул учурда үч жашка чейинки балдардын амбулатордук маалыматтарын жүргүзүү «Бейтаптын санариптик медициналык картасы» маалыматтык системасында ишке ашырылат.

Президенттин Иш башкармалыгына жана «Кызмат» мамлекеттик ишканасына 1-июлга чейин үч жашка чейинки балдары бар жарандардын жүргөн жери боюнча каттоо эсебин уюштуруу боюнча чараларды көрүү тапшырылды. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигине дарек регистринин коддорун бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштардын колдонуудагы тизмелерине ылайык тактоо тапшырылды.

Последние новости