www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдарга жалпы жарандык паспорт берүү тартиби жөнөкөйлөтүлдү. Эми паспорт алуу үчүн ата-энелердин экөөнүн тең макулдугу талап кылынбайт. Арызды ата-энесинин бири же мыйзамдуу өкүлү гана бере алат.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, буга чейинки тартип ата-энелердин бири чет өлкөдө жүргөндө, байланыш үзүлгөндө же анын жүргөн жери белгисиз болгондо жарандар үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, жарандар паспортту катталган дареги боюнча гана эмес, өлкөнүн каалаган аймагындагы ыйгарым укуктуу органдан ала алышат.

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же аскердик абал киргизилген учурда мөөнөтү бүткөн балдардын паспортторунун жарактуулук мөөнөтү Министрлер Кабинетинин чечими менен узартылышы мүмкүн.

Ал эми чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиликтери жана консулдук мекемелери аркылуу паспорт алуу тартиби өзгөрүүсүз калды.

Бул учурда мурдагыдай эле эки ата-эненин макулдугу же соттун тиешелүү чечими талап кылынат.

Последние новости