www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулук районунун Ак-Ордо-3 конушундагы жол-транспорт кырсыгы боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, жүк ташуучу унаанын айдоочусу - 1991-жылы туулган Т.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш иш Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча козголгон.
Учурда тергөө уланып жатат.
Эске салсак, бүгүн, 19-июлда саат 07:50дө 169 кичи автобус Элмирбек Иманалиев көчөсүндөгү
жүргүнчүлөр үчүн токтогон. Ошол учурда коомдук транспортко «Скания Р-124» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа урунган. Жол кырсыктын кесепетинен 1 жүргүнчү көз жумуп, 6 адам ооруканага жаткырылган.
Булак: NazarNews.kg