www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, келе жаткан күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында 17-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө сызылып чыккан газды токтотуу боюнча оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу Чүй, Ибраимов, Москва, К.Акиев; Жибек Жолу, Суюмбаев, Түгөлбай Ата, Шопоков; Элебаев, Байтик Баатыра, Кулатов, Лев Толстой көчөлөрү; "Жыргал" мончосу кесилишкен аймакта жаратылыш газы өчүрүлөт.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости