www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-сентябрда Бишкекте 17 жаштагы өспүрүм өзүн-өзү өлтүргөн. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул тууралуу билдирип, ошол күнү 102 кызматына түшкө маал чакыруу түшкөнүн кабарлаган.

Милиция кызматкерлери Абдрахманов көчөсүндөгү квартирага келгенде өспүрүмдүн асылып турган денесин табышкан. Окуя болгон жерге тергөө ыкчам кызматкерлери келип, суицид фактысы аныкталган.

Өзүнө кол салып өлгөн 2007-жылы туулган Ч.У. аттуу Бишкектеги мектептердин биринин окуучусу болуп чыкты. Баланын туугандарынын айтымына караганда, анын өзүнө кол салышына милиция кызматкерлери себепкер болгон. Алар бала классташы менен көчөдө жүргөндө кармап алышып, тамеки чеккени үчүн айыпташып, коркутуп, 3000 сом талап кылышкан. Баланын ата-энеси же караган туугандары жоктугуна карабастан протокол түзүп, анын тааныштарына чалышып, акча талап кылышкан. Ушундан кийин бала үйүнө келип өзүнө кол салган. Бул тууралуу социалдык тармактарда да жазылган.

«Социалдык түйүндөрдөгү билдирүү жетекчилик тарабынан көзөмөлгө алынып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө тыкыр иликтөө иштери жүргүзүлөт. Маркумдун жакындары менен байланышып, алар менен баарлашуу үчүн кабыл алууга чакырылды», — деп билдирди Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Тергөө иштери уланууда, кененирээк маалымат кийинчерээк жарыяланат.

Последние новости