www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын аймагында 2–6-июнь күндөрү аба ырайынын туруксуз болушу жана нөшөрлүү жаан-чачындын күтүлүшүнө байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу сакталууда.

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаан-чачындын кесепетинен дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Ушуга байланыштуу министрлик жарандарды өзгөчө этият болууга жана жол кыймылында коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.

Ошондой эле айдоочуларга жана алыскы жолго чыккан жарандарга аба ырайы тууралуу маалыматтарды алдын ала тактап, мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу сунушталды.

Последние новости