www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2 миңден ашык айыпкерге ырайым берилет

Түркмөнстанда 2 миңден көп айыпкерге ырайым берилет. Арасында чет өлкөлүк алты жаран бар. Тиешелүү буйрукка өлкө эгемендигинин 30 жылдыгын утурлай президент Гурбангулы Бердымухаммедов кол койгонун мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Тартип коргоо органдары тизмеге илингендерди бошотуу жана үйлөрүнө кайтаруу иштерин жүргүзүүгө тийиш. Бийлик жергиликтүү органдарды аларга жумушка орношууга жардам берүүгө милдеттендирди.

Май айында Түркмөнстан миңден ашуун кишинин айыбын кечкен, катарында 53 чет өлкөлүк бар болчу. Тизмеге армияда кызмат өтөөдөн баш тарткан "Йегованын күбөлөрү" сектасынын 16 мүчөсү да кирген.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы айдын башында өлкө абактарында азык-түлүк, дары-дармек тартыш экенин, коронавирус инфекциясы жайылганын кабарлаган.

Буга чейин Turkmen.news жергиликтүү булактарга таянып жабык жайларда “ачарчылык” башталганын, ал жактагы адамдар “тое тамактанбагандан жана оорулардан көз жумуп жатканын” жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости